Коңшу Кытайда акыркы бир сутка ичинде 2 гана адамдан коронавирус аныкталды жана бул инфекциядан каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Ага ылайык, Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясынын маалыматы боюнча, Шанхай шаарында коронавируска шектелип үч адам жатат. Ал эми сутка ичинде коронавирус аныкталган 2 адам өлкөнүн түндүк-батышындагы Шэньси провинциясында катталган.
6-майга карата Кытайда 83 миң 968 адамдан вирус аныкталган. 4 миң 637 адам каза болсо, 78 миң 870 бейтап айыгып чыкты.