Орусияда башка өлкөлөргө салыштырмалуу коронавирустан каза болгондордун саны төмөн. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор боюнча жыйында айтты.
"Биздин коронавируска каршы күрөшүүдөгү ишибиздин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүнүн бири бул өлүмгө байланыштуу. Бизде абал азыркы учурда жаман эмес. Орусияда 100 миң кишиге коронавирус инфекциясынан өлүмдүн деңгээли башка өлкөлөргө караганда, ошол эле саламаттыкты сактоо системи өнүккөн Европа өлкөлөрүн кошкондо төмөн", - деген ал.
Президенттин айтымында, азыркы күндө Орусияда күн сайын 300 миңден ашуун коронавирустук тесттер өткөрүлүп, 11-июлга карата 170 миң 377 атайын керебеттер жайгаштырылды.
Ал белгилегендей, өлкөдө күн сайын оору аныкталган адамдардын саны туруктуу бойдон калууда жана айыккандардын саны өсүүдө.
Орусияда жалпы 732 миң 547 адамдан коронавирус аныкталса, анын 11 миң 422си каза болду.