Румынияда коронавирусту жайылткан адам 3 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат

Румыниянын бийлиги коронавирусту жайылтпоо боюнча кабыл алынган өзгөчө кырдаалдын эрежелерин бузгандарга катуу жаза колдонот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматта белгилүү болгондой, көрүлө турган чаралар 19-мартта киргизилди. Өзгөчө кырдаалдын эрежелерин бузгандар 3 жылга эркинен ажыратылат. Ал эми эрежени сактабагандан улам кимдир бирөөнө коронавирус жуктуруп алса 5 жылга жана ал адам каза болсо, 15 жылга эркинен ажыратылат.

Учурда Румынияда коронавирус менен жабыркаган 230 адам катталса, 3 800 адам карантинде.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alixan-Nookat.2015
2020-03-20 14:40:10
Бизде дагы чет элге чыгып келип жуктургандар кылмыш жоопкерчилигине тартылсын
+8
Razzak.kg
2020-03-20 15:14:03
Alixan-Nookat.2015,туура, акчасын каяка иштетишин билбей, чет өлкөгө чыкпай тургула дегенге болбой чыгып, дагы 1 жума үйүндө былып жатып эми жалпы республиканы кууратып атышат.алардын айынан жаш балдар менен камалып отурабыз үйдө, жаздын жакшы күнүндө
+7
murat17
2020-03-20 16:58:36
Alixan-Nookat.2015,туура
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан