Бүгүн, 17-апрель күнү саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча онлайн жыйын берүүдө.
"Буга чейин Саламаттыкты сактоо аппаратын кайтарган милиция кызматкеринин коронавирус жуктурганы айтылган. Азыр анын абалы кандай? Андан башка инфекцияны жуктургандар аныкталган жокпу?" деген суроо узатылды.
"Анын оорусу жеңил формада өтүүдө. Бейтапта оорунун ачык белгилери байкалган жок, ошентсе да толук дарылоо курсун өтөт. Аны менен чогуу иштеген, байланышта болгондун баары лабораториялык тестирлөөдөн өтүштү. Башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен азырынча коронавирус аныктала элек", - деди Үсөнбаев.