Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 428 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 167 адам каза болсо, 8 миң 443 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 531 (апрель айынын башынан бери эң аз көрсөткүч);
Свердлов облусунда - 349;
Санкт-Петербург шаарында - 256;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 252 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 752 миң 797 адамдан коронавирус аныкталды. 11 миң 937 адам каза болсо, 531 миң 692 бейтап айыгып чыкты.