Коронавирустук инфекциясына каршы вакцинаны иштеп чыгууга бир жылдан кем эмес убакыт кетери айтылды

Коронавирус инфекциясына каршы вакцинаны иштеп чыгууга жана аны сыноого бир жылдан кем эмес убакыт кетет. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан билдиришкенин республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, потенциалдык вакцина менен миллиарддаган адам эмделет, ошондуктан өзгөчө сактык камсыздалат. Анткени ал толугу менен коопсуз жана эч кимге зыян алып келбеши керек.

“Дүйнөдө азыр коронавируска каршы 20дан ашык вакцина иштелип жатат. Анын ичинде Американын вакцинасы сыноолордон өткөрүлүүдө. Жакынкы аралыкта адистер нуклеин кислотасынын негизинде жасалган бир нече препараттарды да сыноодон өткөрө башташат”, - деп билдирди аталган уюмдун программасынын өзгөчө кырдаалдар боюнча директору Майкл Райан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
al-abu-kinesz
2020-03-23 12:21:43
Шыпаа учун Фатиханы 3 жолу, ихласты 3 жолу, Хасбуналлоху уа ниьмаль уакиль 313 жолу окугула деп айтылды го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан