Ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта вице-премьер Алтынай Өмүрбекова маалымат жыйынында билдирди.
"12-мартта өкмөт тарабынан массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча токтом кабыл алынган. Бирок ал жерде тыюу салууну сунуш катары айтканбыз. Бүгүнкү күндө кырдаалга жараша ал жерге өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Ошол сунуш катары айтылган сөздөрдү тыюу салуу дегенге алмаштырып жатабыз. Ошону менен бардык массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынат, убактылуу дегенибиз бул үч апта карантиндик мөөнөт. Ресторандарда дагы иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынып жатат. Талапты аткарбагандар, той ээлери дагы, тойкананын ээси дагы мыйзам бузуулар кодексинин беренелерине жараша жоопкерчиликке тартылат", - дейт Өмүрбекова.