Акыркы бир сутка ичинде Орусиянын 84 аймагынан жалпы 11 миң 231 адамдан коронавирус аныкталды. 88 адам каза болсо, 2 миң 476 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган 11 миң 231 адамдын ичинен:
Москва шаарында 6 миң 703 адам (жалпы 92 миң 676);
Москва облусунда 842 адам (жалпы 17 миң 432);
Нижегород облусунда 312 адам (жалпы 3 миң 610);
Санкт-Петербург шаарында 306 адам (жалпы 6 миң 190) жана калгандары башка аймактардан.
Орусиянын 85 аймагынан жалпы 177 миң 160 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 1 миң 625 адам каза болсо, 23 миң 803 бейтап айыгып чыкты.