Эртең, 11-майдан тартып карантиндик режимде ар кайсы багыттагы экономикалык ишмердүүлүккө уруксат берилет. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Уруксат берилген ишмердүүлүктөрдүн тизмеси. Финансылык жана башка кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүнөн:
- микрофинансылык уюмдар;
- камсыздандыруу компаниялары;
- күрөөкана;
- акча алмаштыруу жайлары;
- кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер;
- туристтик агенттиктер;
- адвокаттык кызматтар;
- басма кызматтары.
Калкты тейлөө кызматтарынан:
- сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер;
- тиричилик техникаларын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоочулар;
- химиялык тазалоо.
Соода чөйрөсүнөн:
- курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлары;
- автотетик, велотетик, комплекттөөчү тетиктер, май жана автомобиль сырларын сатуу базарлары.
Тигүү жана булгаары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары:
- автосалондор – унаа базардан сырткары;
- массалык маалымат каражаттары.