Өзбек бийлиги Сардоба суу сактагычындагы кырсыктан жапа чеккендерге көп кабаттуу 50 үй салып берет. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, үйлөр 2020-2021-жылы Сардоба, Акалтын жана Мирзаабад райондоруна курулат. Турагын суу каптагандар бекер батир алат.
Ал эми Казакстан өкмөтү Сардоба кырсыгынан жабыркаган жарандарына киши башына 240 доллар бере турганын жарыялады. Андан тышкары үй-жайын суу каптагандардын турак жай маселесин чече турган болду.
1-майдын таңында Өзбекстандын Казакстанга чектеш жерде жайгашкан Сардоба суу сактагычынын дамбасы жарылган.