"Уулу тирүүлөй көмүп салган". Кытайда уулу көмүп салган энени 3 күндөн кийин казып чыгышты

Кытайдын Шэньси провинциясында уулу тирүүлөй көмүп салган аялды 3 күндөн соң таап чыгышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

5-майда 79 жаштагы кайненеси жоголуп кеткени тууралуу айтып келини полиция кызматына кайрылган. Анын айтымында, 2-май күнү күйөөсү апасын арабага салып бир жакка алып кеткен. Эртеси жалгыз келген күйөөсү апасын туугандарына алып барганын билдирген.

Сурак учурунда баласы өз энесин көрүстөнгө алып барып, каралбай калган күмбөзгө таштап, үстүн топурак менен көмүп салганын моюнуна алган. Энесинин эки буту тең баса албагандыктан, өз алдынча чыга албай калган.

Полиция кызматкерлери кылмышка шектүү айткан дарекке барышканда жер астынан бирөөнүн кыйкырыгын угушкан. Жерди казып киришкенде уулу көмүп салган аялды табышкан. Учурда аял ооруканада, абалы туруктуу деп бааланууда. Ал эми уулу "адам өмүрүнө кол салуу" беренеси менен шектелип жатат.

Баласы тирүүлөй көмүп салган аялды казып алышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
keba300989
2020-05-08 09:13:43
Бундайларды жер кантип көтөрүп жүрөт экен
+15
Mintip-menu-suybo
2020-05-08 10:07:33
Соз жок кыскасы...
+7
AdylbekB84
2020-05-08 11:37:09
Ошон үчүн айткан экенда 2 буттуу жырткычтардан корккунуң деп, ушундайлардын айынан жер жүзү ар түркүн апааттарга кабылып жатабыз!
+9
Arai92
2020-05-08 13:04:23
Кудай сактасын!!!
+4
rola
2020-05-08 13:34:19
9 ай ичинде.2жыл колунда,омур бою журогундо которуп журот энелер балдарын.Бул акмак баспай калса алып барып комуп таштаганда,озу каяктан жаралганын ойлобой.
+4
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-05-08 14:25:44
Ошондогу эненин абалы ай((((келинге рахмат
+6
Arstan18.18
2020-05-08 15:30:03
Ой келин полицияга кайрылбай калганда эмне болмок эне байкуш тируу жатып отсокпу ачка((
+3
natasha00
2020-05-08 15:44:55
Ушундай кок мээлерди Кудай жазаласын.
+1
Bekish-
2020-05-08 17:26:43
Келини жана экен
0
guljan929
2020-05-08 22:35:13
3 күндө суу ичпей кантти экен.
0
TIMON_BERKOWITZ
2020-05-08 23:15:48
Кичинекейинен курсагы ачка болсо да балам жесин деп, жыгылса андан биринчи жата калып кармап калып, ыйласа жүрөгү кесилип чоңойткон баласынын рахматы ушулбу?!
Мындай жаңылыктарды чыгарбагыла, муундарга терс таасирин тийгизиет!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан