Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили Украинанын Реформа боюнча улуттук кеңештин аткаруу комитетинин башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Украинанын президенти Володимир Зеленский тийиштүү буйрукка кол койгон.
Буга чейин Саакашвилиге вице-премьер, премьер-министр кызматы сунушталып жатканы белгилүү болгон. Грузиянын өкмөтү Михаил Саакашвили Украинанын вице-премьер кызматына сунушталганына нааразычылыгын билдирген.
Саакашвили буга чейин Одесса облусунун губернатору болгон. Губернаторлуктан кеткенден кийин бийликке оппозицияда жүргөн. 2017-жылы мурунку президент Петро Порошенконун жарлыгынын негизинде жарандыктан ажыратылып, өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. Бийликке Володимир Зеленский келген соң ал кайтып келип, кайра жарандык алган.