Орусиялык миллиардер Алишер Усманов селден жабыр тарткан Казакстан менен Өзбекстанга 15 миллион доллар бөлдү

Өзбекстанда төрөлгөн орусиялык миллиардер Алишер Усманов селден жабыр тарткан коңшу өлкөлөр Казакстан менен Өзбекстандын тургундарына 15 миллион доллар которду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражаттын 10 миллион доллары Өзбекстанга берилсе, 5 миллиону Казакстанга бөлүнгөн.

Эске салсак, Өзбекстандагы Сырдарыя облусундагы Сардоба суу сактагычындагы дамбанын жарылуусунан улам болгон суу ташкынынын кесепетинен 90 миң адам эвакуацияланган, 4 адам каза болуп, 1 адам дайынсыз жоголгон. Дамбанын жарылышынан улам Казакстандын Түркстан облусунун Мактаарал районунда Өзбекстан менен чектешкен айылдар суу астында калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sirenaaaaa
2020-05-08 13:26:03
Молодец, Кудай бере турган киши экен. Эл ушундай кыйналып жатканда, сооп иш кылып, жардам бергенге не жетсин
+7
Povetkin
2020-05-08 20:15:55
Россиянин эн алдынкы миллиардерлер арсынан орун алган бул адам азамат экен, ушундай патриот адамдар кобойо берсин!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан