Дүйнөдөгү эң көп сатылган смартфондор аталды

Сингапурлук "Canalys" аналитикалык компаниясы 2020-жылдын биринчи чейрегинде дүйнөдө эң көп сатылган смартфондордун тизмесин жарыялады.

2020-жылдын биринчи чейрегиндеги дүйнөдөгү эң көп сатылган смартфондор iPhone 11 жана Redmi Note 8 болду. Статистика боюнча, Apple смартфондору 2019-жылы чыгарылган iPhone 11 (iPhone 11, iPhone 11 Pro жана iPhone 11 Pro Max) дүйнөлүк смартфон базарынын 10 пайызын багындыра алды. IPhone 11 модели 18 миллиондон ашык сатылган.

Экинчи орунда Redmi Note 8 жана Redmi Note 8T турат. Андан кийинки орунду Samsung Galaxy A сериялуу смартфондор: Galaxy A51 жана A10S моделдери ээледи.

Эске салсак, 2019-жылы дүйнө жүзүндө эң көп сатылган Android негизиндеги смартфон Redmi Note 8 болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан