Индонезиялык Андриади Путра аттуу жарандын бетине чыккан так 40 килограммдык шишикке айланган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Индонезиянын Түндүк Суматра провинциясындагы Медан шаарында жашаган 34 жаштагы Андриади Путра төрөлгөндө бетине кичинекей так болгон. Бала кезинен ата-энеси аны жергиликтүү дарыгерлерге көрсөткөндө, андан коркуунун кажети жоктугун айтышкан. Бирок так бара-бара чоңоё берген. Путра 11 жашка чыкканда ата-энеси кайра дарыгерге көрсөтүшөт. Ошондо ага нейрофиброматоздун оор түрү (клеткалык ткандардын өсүшүнө терс таасирин тийгизген генетикалык бузулуу) менен жабыркай турганын айтышкан.
Андан ары баласын көрсөтүүгө ата-энесинин шарты болбой, Андриади базарда соода кылып иштеп келген. 2018-жылы шишик абдан чоңоюп, оору кыйнап баштаганда ал жумушун таштоого аргасыз болгон. Учурда Андриадинин бетиндеги шишиги 40 килограмм салмакка жетип, ичине чейин түшүп турат. Ал качандыр бир убакта шишикти алдыруу үчүн операцияга мүмкүнчүлүгү жетип, кадимки турмушка кайтарынан үмүтүн үзбөй келет.