"SpaceX" жана "Tesla" компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск баласынын өзгөчө аты эмнени түшүндүрөрүн айтты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маск А-12 бул SR-71 кемесинин негизи экенин белгилеген. Ал эми X - белгисиз сан, Æ - АI (сүйүү же жасалма интеллект) A - сүйүктүү "Архангель" ыры.
Буга чейин Илон Маск менен баланын апасы "Граймс" каймана аты менен таанымал болгон канадалык ырчы Клэр Буше баласынын атын X Æ A-12 койгонун айтышкан.
Масктын биринчи жубайынан 5 баласы бар.