Бүгүн, 21-майда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Саттарова маалымат жыйын берип жатып, Тажикстандан келген студенттер тууралуу айтты. Ал билдиргендей, коңшу өлкөдөн Баткенге 61 студент келген жана алардын ичинен 7 студенттен коронавирус аныкталган.
"Азыркы учурда Тажикстанда коронавирус аябай кенен жайылып, бул вирус менен көп адам жабыркап жатат. Албетте, биздин облус Тажикстан менен чектеш, айрым айылдарыбыз алар менен өтө тыгыз байланышта болуп, үйлөр жакын жайгашып калган. Ошондуктан, биз чек ара аймактарында коопсуздук чараларын күчөткөнбүз. Чек ара көзөмөл-өткөрүү жайларын жана чек ара санитардык-карантиндик посттор күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.
Тажикстандан 61 студент биздин өлкөгө кайтып келди. Алардын ичинен 7 студенттен вирус аныкталган. Жакшы жагы ошол 61 студент чек арада обсервацияга алынгандыктан үйдөгү туугандары менен байланышта болгон жок. Биз чек ара айылдарындагы жашоочулар үчүн эртеңден баштап эпидкөзөмөлдүн негизинде мониторинг жүргүзүп, медициналык скрининг өткөрөбүз", - деп билдирди Чынар Саттарова.