Алматы шаарынын эл аралык аэропорту 415 миллион долларга сатылды

"TAV Airports Holding" аттуу туркиялык холдинг "Алматы" аэропортун 415 миллион долларга сатып алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Алматынын аэропорту аталган холдингдин эсебиндеги 15-аэропорту болду.

"Казакстан экономикалык жана географиялык жактан алып караганда дагы эң ири өлкөлөрдүн бири. Ал эми Алматы болсо өлкөнүн эң чоң шаарларынын бири. Ал Кытай, Европа, Африканы байланыштырып турган заманбап Жибек жолунун борбору. Анын мүмкүнчүлүктөрү көп. Өзүбүздүн тажрыйбабызды колдонуп мүмкүнчүлүктөрдүн баарын колдонууга аракет кылабыз", - деп билдирген холдингдин башчысы Сани Шенер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Juni1
2020-05-08 15:18:07
Неге казак эли унчукпады экен Тан калыштуу. Эгер Ош аэропорту сатыкка коюлса ошол куну элибиз президентке митингге чыгышат ко))) бизде эл озунон башкага ишенбей калган заманда жашоодо.
+6
Bekturbek
2020-05-08 16:19:05
Juni1,Түрктөр сатып алганы, өзүбүздө эле калганы!
-3
isarti
2020-05-08 17:41:50
Казактардын дагы бир билгени бардыр да.
+1
Povetkin
2020-05-08 20:18:32
Эн чон катачылык кетти Казактар, негизи эмне болсода сатпаш керек, Казактар сатты деп биздикилерда чыкпаса болду эле сатабыз деп....
+3
Mister-X
2020-05-08 22:58:56
Не болсо да Кытайга эч нерсе сатпайлычы...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан