Бишкектеги республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага эпидемия башталгандан тартып 343 бейтап түшүп, бүгүнкү күндө анын 185и илдеттен арылды. Коронавирус өлкөдө каттала электе аталган ооруканада атайын изоляторлор дайындалып, кызматкерлер бейтаптар менен иштөөгө даярданышкан.
Инфекциялык ооруканага 23-марттан баштап коронавирус аныкталган алгачкы бейтаптар жаткырыла баштады. Оорукананын бардык кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушуп, медициналык жайдан сыртка чыкпай иштеп жатышты.
Бүгүнкү күндө инфекциялык ооруканада 37 дарыгер, 164 медперсонал (медайымдар, санитаркалар) 24 саат бою үзгүлтүксүз иш алып барышууда.
48 күндөн бери 200дөн ашуун медициналык кызматкерлер 185 бейтапты коронавирус илдетинен айыктырууга жетишти. Кызматкерлер үчүн бул чек эмес. Күндөн күнгө айыккандардын саны өсүүдө, бул биздин кызматкерлердин кесипкөй экендигин көрсөтүүдө. Аталган оорукананын кызматкерлеринин иш күнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги видео аркылуу көрсөттү.