Америкалык жаран жубайын өлтүрүп, анын өлүмүн коронавируска шылтаган деп шектелүүдө

АКШнын Флорида штатындагы Жупитер шаарынын жашоочусу жубайын өлтүрүп, анын жоголушун коронавируска байланыштырган деп шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

51 жаштагы Гретхен Энтони дайынсыз жоголгон. Март айында анын курбусуна Гретхендин атынан коронавирус инфекциясын жуктуруп алганын жана оору оор формада өтүп жатканы тууралуу СМС билдирүү келет. Билдирүүдө курбусу Жупитер шаарындагы медициналык борбордо дарыланып жаткандыгы тууралуу жазылган. Полиция кызматкерлери жоголгон айым ал медициналык борборго барбаганын аныкташкан. Ошондон кийин шек анын 48 жаштагы күйөөсү Дэвид Энтониге түшкөн. Гретхен Дэвид менен ажырашуу тууралуу 28-февралда арыз жазганы менен экөө ажыраша элек болчу жана эки бөлөк жашап келишкен. Лингвистикалык эксперттин жыйынтыгы Гретхендин курбусуна келген СМС билдирүү Дэвидге таандык экендигин көрсөткөн.

Укук коргоо органынын кызматкерлери Дэвиддин кошуналарын суракка алганда, алар 21-мартта аялдын ачуу чаңырыгын укканын айтышкан. Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда далилдер табылган.

31-мартта Дэвидди камакка алышкан. Ал эми маркумдун сөөгү табыла электиги айтылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан