Армениянын парламентинде жыйын учурунда депутаттардын ортосунда массалык мушташ орун алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жыйын учурунда оппозициялык "Светлая Армения" партиясынын төрагасы Эдмон Марукян бийликтеги "Мой шаг" партиясындагы кесиптештерине сүйлөп жатканда, оппоненттерди кемсинтпөөгө чакырган. "Трибунадан туруп, митаам же ушуга окшош сөздөрдү колдонгонуң адамды кыжырдантат" деген сөзү менен аталган партиянын өкүлү Бабкен Тунянга кайрылган. Тунянга анын партиялашы Сасун Микаелян болуша кетип, эки тарап сөз менен айтышып киришкен. Сасун мырзанын "мени уккун, байке" деген сөзү оппозициячыларды ого бетер ачуулантып, ошондон чуу башталып, массалык мушташка жеткен. Мушташкандардын арасында Сасундун "моюнуңду кайрып коём", "былчыйтып салам" деген сөздөрүн угууга болорун жазышууда басылмалар.
Мындай баш аламандыктан улам жыйындын түз эфири токтотулуп, парламент түшкү тыныгууга тарагандыгы айтылат.