Түркмөнстандын Анау шаарында ветеринардык клиниканын жанында жаныбарларды кармоочу жай ачылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, зоомейманкана мамлекеттин жардамы менен ачылган жаныбарлар үчүн алгачкы жай. Аталган комплекс ит, мышык, канаттуулар жана балыктар үчүн салынган.
Анын ачылышына "Türkmen alabaý itleri" ассоциациясынын жетекчиси Сердар Бердымухамедов өзү катышкан.
Аталган жайда кооз жана сайрай турчу чымчыктарды багып жана көбөйтүү үчүн да шарттар түзүлгөн.