Коронавирустан дагы 2 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн эмес. Жалпы 2 миң 634 адам илдеттен каза болгон.
Ал эми стационарда 536 жана амбулатордук түрдө 526 адам дарыланып жатат.