Казакстанда жубайлар акча катылган күрмөсүн суу каптап кеткен Мактаарал аймагына гуманитардык жардам катары берип салышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жабыркагандарга жардам берүү үчүн эски кийимдерин берип жиберген жубайлар күрмөлөрдүн чөнтөгүнүн бирине 3 миң доллар катып койгонун унутуп калышкан.
Жубайлар жардам чогулткандар кетип калганда гана акчасын эстеп, артынан жөнөшкөн. Натыйжада акча табылып, ээлерине кайтарылып берилген.
Бул окуядан кийин башка жарандар жардам болуп келген кийимдердин чөнтөктөрүн аңтарып жаткан видеолор интернетке чыга баштаган.
Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы суу сактагычында жарылган дамбанын айынан Казакстандын Түркстан облусунун Мактаарал районунун 4 айылын суу каптаган.