Кыргыз-Тажик чек арасындагы эки тараптын кагылышынан улам жалпы 14 адам жаракат алып, жабыркады. Алардын ичинен атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын прапорщиги Равшан Муминов окуя болгон жерде көз жумду.
Бүгүн, 17-сентябрга карата Лейлек районундагы ооруканага жабыркаган 13 жаран жеткирилип, алардын абалы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Алар:
1. Ж.Б., аттуу жаран 1978-жылы туулган. Моюнуна ок тийип, жаракат алган. Абалы туруктуу;
2. Болжол менен 12 жаштагы өспүрүм. Оң колу жана желкесине ок тийген. Абалы орто оор, катуу коркуп калгандыктан, аты-жөнүн айта албайт, нес абалда;
2. Р.К., 1976-жылы туулган, сол жамбашына ок тийип, жарадар болгон;
3. У.Р., 1973-жылы туулган, оң жамбашына жана согончогуна ок тийген. Абалы туруктуу;
4. Э.Р., 1973-жылы туулган, курсагына ок тийген. Абалы орто оор, туруктуу;
6. А.З., 1978-жылы туулган, ок сол далысына тийген, абалы оор;
7. Т. у. Г., 1998-жылы туулган аскер кызматкери. Денесине үч ок тийген;
8. М.О., 1997-жылы туулган, оң көкүрөгүнө ок тийип, жаракат алган. Абалы оор;
9. С.Ж., 1980-жылы туулган, аскер кызматкери, октон жабыркаган;
10. Т.М., 1989-жылы туулган, аскер кызматкери. Далысына ок тийип жабыркаган, абалы оор, туруктуу;
11. К.К., 1992-жылы туулган аскер кызматкери, абалы өтө оор. Учурда жандандыруу бөлүмүндө;
12. А.У., 1995-жылы туулган аскер кызматкери, жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Октон жаракат алган;
13. Т. у. Э., 1989-жылы туулган аскер кызматкери. Октон жаракат алган, абалы оор.