Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзам долбоорун каралды.
Айыл, токой жана суу чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун айтымында, облус башчысынын ыйгарым укуктарын күчөтүү керек. Ошондой эле координациялык кеңеш түзүлүп, атайын салык жана инвестиция режими киргизилет.
Депутат Таабалды Тиллаев аталган мыйзам долбоорунда Баткен облусун өнүктүрүүнүн жана колдоонун механизмдерин так жазуу керектигин белгиледи. "Мыйзам долбоорунун концепциясын колдоо керек, бирок экинчи жана үчүнчү окууда каржы булактарын аныктоону камтыган конкреттүү ченемдерди киргизүү керек", - деп белгиледи депутат.
Депутат Аалы Карашев: "Министрлер кабинети атайын Баткен облусунун ар бир району боюнча программасын, чараларын иштеп чыгышы керек болчу. Учурдагы реалдуулукта стереотиптүү чечимдердин кереги жок”, - деди.
Депутат Айнуру Алтыбаева мыйзам долбоору декларативдүү экендигин, Баткен облусун өнүктүрүү комплекстүү каралышы керектигин баса белгиледи. "Жыл сайын Баткен облусуна белгилүү өлчөмдө каражат бөлүп туруу керек", - деп нааразы болду эл өкүлү.
Жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети аталган мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда жактырышты.
Акыркы тажик тараптын агрессивдүу кол салуусунан 190 жаран жапа чегип, 36 адам каза болгон, анын ичинде балдар да бар. Окуя болгон жерден 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.