Өзбекстанда сууга агып каза болду делген Улуттук Гвардиянын 1 аскери тирүү табылды

Буга чейин өзбек басылмаларында дамба жарылганда Улуттук Гвардиянын 3 аскери сууга агып көз жумду деп жазылган. Бирок издөө учурунда аскерлердин бири тирүү табылганын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, табылган аскер тарбия жана идеология суроолору боюнча бөлүмдүн начальниги Тулкин Кодиров экени аныкталган. Ал окуя болгон жерден 15 чакырым алыстыкта табылган. Абалы туруктуу.

Буга чейин 3-май күнү жоголгон аскерлердин бири сержант Суяровдун жансыз денеси табылган. Үчүнчү аскерди издөө боюнча иштер уланууда.

1-майда Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы суу сактагычында дамба жарылып, ага жакын жайгашкан аймактарды суу каптаган. Кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болгону жана 1 адам дайынсыз болуп жатканы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekalife
2020-05-09 09:03:37
Аллах омурун узун кылсын
+5
ZUXRIDDIN20
2020-05-09 09:57:29
3-майда табылган салдатко бул
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан