9-мартка карата Кытайда коронавирус менен жалпысынан 80 миң 735 адам жабыркаса, 3 миң 107 адам каза болду.
Ал эми дүйнө жүзү боюнча статистикага токтолсок, коронавирустан жалпысынан 109 миң 965 адам жабыркап жатса, каза болгондор 3 миң 824кө жетти. Ал эми айыккандардын саны 61 миң 941 адамды түзөт.
Коронавирустун экинчи очогу делинген Түштүк Кореяда 7 миң 313 адам жабыркап, 50 жаран көз жумду. Италияда жуктуруп алгандар - 7 375, каза болгондор - 366, ал эми Иранда жуктургандар - 6 566, каза болгондор - 194.
Бүгүнкү күнгө карата дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө коронавирус катталды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.