Дүйнөгө жайылган коронавирус инфекциясы туптуура бир жыл мурда Кыргыз өлкөсүнө да жеткен. Былтыр 18-мартта өкмөттө чукул жыйын өтүп, 3 адамдан коронавирус илдети аныкталганы жарыяланган. Алар умра зыяратынан келгендер болгон.
Бул жолу илдетке кабылганын, андан айыкканын коомдон жашырбаган шоу-бизнес өкүлдөрүн топтодук.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков өлкөдө коронавирус инфекциясы туу чокуга жеткен кезде илдетке кабылган. Ал дарылануусу тууралуу айтып, илдетти алдын алууга жана ден соолукту чыңдоого таза абада сейилдөө жакшы жардам берерин белгилеген.
Куудул Тынар Курбаналиев эки тараптуу пневмония илдети менен жабыркап, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы аймактык ооруканада дарыланып чыккан.
Ырчы Съездбек Искеналиев пневмония менен жабыркап, оору жеңил өткөнүн билдирген.
Ырчы Дайыр Исмадияров коронавирус инфекциясынын жеңил түрү менен жабыркап, ооруну жеңгени кабарланган.
Мындан тышкары ырчы Айпери Сыдыкованын жана ырчы, дастанчы Азиз Батыровдун ооруп калганы белгилүү болгон.
Ал эми ырчы Гүлнур Асанова коронавирус инфекциясын Оштогу дарыгерлердин онлайн көрсөтмөсү аркылуу айыкканын айтып берген.
Рэп ырчысы Баястан менен жубайы Зульфия Лансаровадан коронавирус инфекциясы аныкталып, түгөйлөр үй шартында дарыланышкан.
Тилекке каршы, коронавирус инфекциясы ар тармактын мыктыларынын өмүрүн алып, көптөгөн белгилүү инсандардын өлүмүнө себепчи болгон. Алсак, маданият жаатында, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кубандык Өмүров эки тараптуу пневмониядан көз жумган.
Дээрлик бир жыл аралыгында республиканын 87 миң 45 жараны илдетти жуктуруп алган.