Таиланддык дарыгерлер 1 айлык ымыркайды коронавирустан айыктырды

Таиландда дарыгерлер коронавирус аныкталган 1 айлык ымыркайдын өмүрүн сактап калышты. Медициналык кызматкерлер вирус аныкталган эң кичинекей бейтапка атайын коктейль беришкен. Тактап айтканда, баланы дарылоо үчүн вируска каршы дары-дармектерден суюктук жасашкан.

Дарылоо жүргүзгөн педиатр Висал Муласардын айтымында, алар ымыркайга 10 күн бою дары берип, баланын абалын көзөмөлгө алышкан. Анда 3 күндөн кийин жыйынтык боло баштаган. Ымыркайдын рентгендик сүрөттөрүнөн айыгып баратканы байкалган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан