170 адамдын өмүрүн алган коронавирус. "Памперс" кийип, чачын кырдырып иштеген медайымдар, отурган жеринен кулаган дарыгер

Кытайдан чыккан коронавирустан азыр баары коркуп турган чагы. Мындай учурда оорчулук медицина кызматкерлерине түшөт эмеспи. Чет элдик басылмаларга Кытайда иштеп жаткан медайым, ыктыярчылардын блогдору, маектери чыкты. Анда коронавирус менен күрөшүү дарыгерлердин өмүрү үчүн да коркунуч жаратып жатканын, бейтаптардын көптүгүнөн эс алуу бул жакта турсун дааратканага бара албай, атайын чоңдорго ылайыкташкан такма жалаяк (памперс) колдонуп жатышкандарын жашырышкан эмес.

"Beidou" маалымат агенттигине Донг Тингтинг аттуу медайымдын окуясы чыккан. Аны 26-январь күнү Ляонин провинциясынан 136 кызматкер менен кошо Ухан шаарына жөнөтүшкөн. "Бизге 4-6 сменге иштейсиңер деп түшүндүрүштү. Тез арада караш керек болгон бейтаптардын көптүгүнө байланыштуу эс алуу бул жакта турсун дааратканага бара албайсың. Ошондуктан мен атайын чоң адамдарга ылайыкташкан такма жалаяктын 2 топтомун жана дезинфекцияланган салфеткаларды сатып алдым", - деп жазган ал блогунда.

Ал эми "Network" басылмасы Шань Ся аттуу медайым коронавирусту жуктуруп албоонун амалын көрүп, чачын кырдырып салганын жазган. Маалыматта Шань Ся иштеген ооруканада медициналык кызматкерлердин 31и чачын кестирип салганы айтылат.

Тыгыз графикте иштеген медициналык кызматкерлер башын жууганга шарты жок экендигин, ага кошумча улук медайым чачты кыскартуу менен коронавирусту жугузуу коркунучу азаярын айтканын билдирген. "Мен өзүм деле чач жасалгамды өзгөртөйүн деп жүргөм. Албетте, кырдырам деген эмесмин. Бирок эч нерсе эмес, чач өсүп кетет", - деген ал.

Ал эми Шанхайдан келген Дин Шиин аттуу медайым азыркы күнгө чейин вирус жуктуруп алуудан корккону жазылган. "Мен Уханга келгенден бери коргонуу тууралуу көп ойлоном. Коргонуучу кийимди кантип кийип, чечүүнүн баарын жазып алгам. Кийинип жатканда майда-чүйдө нерсесине чейин унутпашым керек деп аябай дыкат карайм. Экинчи түнү коргонуудан катачылык кетирип албайын деп ойлонуп жатып, уктабай да чыктым" дейт медайым. "3 кабат кийимди кийүүнүн өзүнө эле жарым саат убакыт кетет. Кийинип алып вирус өрлөгөн аймакка киргенде баарын туура эле кийдикпи деп кайра бири-бирибизди кылдат текшерип чыгабыз", - деген Дин Шиин.

37 жаштагы ооруканада компьютердик томографияда отурган дарыгер аларга жөтөлгөн, калтырап баштаган (судороги) абалдагы бейтаптар келерин жана толук коргонууга шарт болбогондуктан кесиптештери да вирус жуктурганын айтат.

"10 күн мурун кесиптешим вирусту жуктуруп алып, отурган жеринен кулап түштү. Декабрь айынын аягында бизге вируска кабылгандар келип баштаган. Январдын башында бейтаптар көбөйө баштады. Адатта биз 60-80 кишини кабыл алчубуз. Январдын ортосунда күнүнө 300 адамды көрүүгө туура келди. Ажатканага барууга убакыт таппай жаттык. Азыр Ухан шаарынын бардык ооруканаларында ушундай абал", - дейт дарыгер. Ошондой эле ал январдын башында жөтөлүп баштагандан чочулап үй-бүлөсүн башка шаарга алып барып салганын жана шаарда коомдук транспорт жүрбөй калганына байланыштуу ооруканага велосипед менен 40 мүнөт жол жүрүп келип, кетерин билдирген.

Ал эми Ухан шаарындагы ооруканада иштеген 29 жаштагы анестезиолог Е Жи вирустун очогу болгон шаардагы абалды мындай сүрөттөйт. "Январда абал курчуду. Тез арада абал курчуп кеткендиктен биздин бөлүмдө коргоочу кийимдер, көз айнек жок болчу. Бир күнү операция бөлүмүндөгү хирург калтырап баштады. Томографиядан ал пневмония болуп калганы аныкталды. Ошол кезде бөлүмдө коронавируска шек жаралган бейтап жаткан болчу. Ага ошол бейтаптан жукса керек деп ойлоп калдык. Андан кийин дагы 3 дарыгер вирус жугузуп алганын билдим", - деп дарыгер да абалы коркунучта экенин билдирген.

“Памперс” кийип иштеп жатабыз". Ухандагы дарыгерлер абалын айтышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
kechirmeni
2020-01-30 17:06:04
Табаа эмес тооба дейли бирок, менин оюмча кытайларга Кытай жергесиндеги азчылыкты тузгон, лагерлерде кыйынчылык коруп жаткан адамдардын, алардын уй булолорунун каргышы, дубасы тийип жатат деп ойлойм, бул жаатта кытай бийлиги ото катуу саясат жургузуп жатат, бугун азаттыктан окудум, куйоолору лагерде жаткан уй- булолорго атайын адамдарды жонотуп атышыптыр, алар жон барбай озу менен кошо арак, чочконун этин алып барышат экен дагы лагердегилердин аялдары менен зына кылышат экен. Бул ото жаман нерсе
+5
ibragimkg
2020-01-30 20:15:56
kechirmeni мага ошол сслкасын жиберчи толук окуюн менда досум
0
Sajakat14
2020-01-30 20:42:46
ibragimkg кирсеңер табасыңар. Таңууланган туугандар деп аталат болуш керек макала.
+1
murat17
2020-01-30 21:07:24
kechirmeni,туура канчалаган бейкуноолорду лагерде кыйнап жатат алардын ичинде кыргыздар дагы бар Аллахтын кудурети чексиз
+4
keku00
2020-01-31 02:04:17
kechirmeni, ал жерде зынаа деген нерсе жок. Бирок чочко, алкоголь чындык!
-2
souza.j
2020-01-31 08:28:14
keku00,1 жума жанында жатса зына кылбай не. Кытайлардын кылыгын кара эрин камап коюп аялын кыншылатып. Окусан азаттыктан. Туугандар деген теманы
+3
kechirmeni
2020-01-31 09:55:59
keku00,чогуу жатып алат дегени зынаа да
+1
katerina.li
2020-01-31 22:11:52
kechirmeni,как будто кыргызда зынаа жоктой суйлойсунор. Тобоо
0
Istina1000
2020-01-30 17:14:09
Аллах бул апааттан пенделеринди сактай кор...
+5
mirkaa5182
2020-01-30 17:45:07
Ишке берилгендиктин, патриотуктун белгиси. Кудайым сактай көр пендеңи.
+2
Agayu
2020-01-30 19:18:53
Тооба !! айыккыс дарттан сактай кор баардык пенделеринди!!!
+2
Shef87
2020-01-30 19:27:25
Түрү суук кытайлар бок сакты жеп ушуну ашырды да жарганатты да жейби адам
+3
Taalaibek.
2020-01-30 19:41:08
Мыкты медайым экен. Аллахым буларга ден-соолук берсин омурлору узун болсун. Канча адамды сакайтса ошончо сооп берсин Аллахым!
+11
AykaMer
2020-01-31 08:41:30
Кесибини чындап сүйгөн медиктер экен эй,башканын жанын сакташ үчүн керек болсо чачын кырып салыптыр.Биздикилер болгондо,андан көрө иштен кетем демек))) Кудай сактасын,жаман ооруулар алыс болсун бизден...
+4
Gospozhatsetok
2020-01-31 21:13:24
Кесибин чын дилден суйгон медиктер бар экен, алдыларына таазим кыла турган. Кудай сактасын бирок бизде мындай медиктерди манжа менен гана санап болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан