Чет өлкөлөрдө 5 Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталды. Дагы эки даваатчы илдетти жуктуруп алган

Чет өлкөлөрдө 5 Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдын онлайн маалымат жыйынында айтылды.

Алардын ичинен:
Бириккен Араб Эмирликтеринде – 1 жаран (Сауд Арабиянын Жидда шаарына барып келген);
Пакистанда – 3 жаран;
Испанияда - 1 жаран.

“Алардын баары ошол өлкөлөрдө тийиштүү түрдө дарыланып жатат. Баарынын абалы жакшы. Испаниядагы Кыргыз жаранында оору жеңил формасында өтүп жатат. Ошондуктан ал үй карантининде дарыланууда”, - дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова.

17-мартта араб басылмалары 1 Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталганын жазып чыгышкан, бирок бул маалыматты ушул күнгө дейре республикалык штаб да, Тышкы иштер министрлиги да ырасташа элек болчу.

22-мартта Пакистанда 1 Кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алганы айтылган. Илдетке чалдыккан жаран менен кошо даваатка барган 4 Кыргыз жараны да карантинге алынганы маалымдалган эле.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
erlan2196
2020-03-27 15:02:22
Дааватка чыкканды, элге наасатчы болгонду токтоткулачы. Алланын буйругун жеткезип жатабыз дегендери менен, арабтардын салтын жайылтып жатышабы айтор тушунбойсун.
+7
Bolunbo.kyrgyz
2020-03-27 19:37:18
erlan2196, пайдан тийбейби зыян чекпе уйдоку Уйларына сыйынып отура бер сенин ишин эмне. Куклага сыйынып бака жылан жеген Сенин туугандарын алып келди ошол балакетти.
0
Baiaman170395
2020-03-28 14:49:17
erlan2196,
Түшүнбөсөң жазбай эле кой. Сен чыкпасаң чыкпа. Барып түшүнгөн нерселериңе аралаш.
0
Nursul
2020-03-27 15:15:43
Даватка азылбай окатынарды кылгылачы же алар тамагынарга бүтүн салып атабы. Алар 4 ай мурун кеткен дааватчылар.
-8
Aktan2018
2020-03-27 15:17:48
Ушинтип озубуз куурап атканда,патрулду мас болуп алып сабаса,биз эмне кылабыз бизге корсоткон улгусу ушубу.
+9
zhaku2017
2020-03-27 16:17:16
Дааватын менен кара жерге кирип кеткиле. Көчөмө көчө кыдырып, биз ыйыкпыз, умныйбыз, тазабыз, бизге оору жукпайт дегендерди акыры көрүп жатабыз.
-1
Bolunbo.kyrgyz
2020-03-27 19:39:10
zhaku2017,булар кочо кыдырып жуктуруп алышты сен уйундоку чычкандарды жеп отуруп эле жуктуруп алдынго
-4
Baiaman170395
2020-03-28 14:52:39
zhaku2017,
Эсиңде болсо бизге оору жукпайт деп сенин теңирчи кудайын айткан. Сен али дааватка зар болосуң. Эсиң барда этегиңди жый, тообо кыл.
0
guli-1980
2020-03-27 19:03:58
Индияга чейин кетип атышат. Же алардын тилин билбесе кантип даваат жургузот. Же котормочу алып журушобу
+2
ady-88
2020-03-28 14:40:57
Дааватты мыйзамдын чегинде токтотуш керек. Даваат кылмай кмш олколорунон бизде эле бар экен калган олколор токтотушкан.
0
Baiaman170395
2020-03-28 14:54:35
ady-88,
Ушулардын дубалары менен өлкөбүз тынчтыкта жашап атат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан