Биз социалдык тармакта

АКШда биринчи жолу коронавирусту жуктурган ит өлдү

АКШда коронавирус диагнозу коюлган биринчи ит өлдү. Бул тууралуу "National Geographic" журналына таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Нью-Йорк штатында апрель айынын ортосунда Бадди аттуу иттин дем алуусунда кыйынчылык жаралып, июль айында ветеринарлар ага коронавирус диагнозун коюшкан. Ал диагноз коюлгандан жарым ай өткөн соң, тактап айтканда 11-июлда өлгөн. Мындан тышкары ал рак оорусу менен жабыркаганы медициналык китепчесинде көрсөтүлгөн.

Буга чейин АКШнын Ветеринардык кызматы коронавирус жолборс, арстан жана 2 мышыктан табылганын кабарлашкан.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Baatirbek81
2020-07-31 21:39:25
Эмне деген баляя!
Жаныбарларга дагы жукса жаман эле!
+3
Bakytbek88
2020-07-31 21:51:08
Бул оору эске тутууга таасирин берет окшойт. Биздин пулмотологдор айтпайбы терс таасирлерин. Озум ооруп эми сакайдым дегиче Эми эске тутуу жактан жабыркап жатканымды байкап калып жатам
+1
Esenali
2020-08-01 00:04:29
Bakytbek88,туура айтасын мен дагы ошондой болуп жатам склероз болуп калат экенсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан