Коңшу Казакстанда сутка ичинде 36 жарандан коронавирус аныкталып, ооругандардын жалпы саны 5 миң 126га өстү. Анын ичинен 1 миң 941 бейтап илдеттен арылса, 31и каза болду.
Аталган өлкөдө бүгүндөн тартып өзгөчө абал алынып, өзгөчө кырдаал режими уланууда. Өлкөнүн аймактарында санитардык эрежелер, ал эми Алматы шаарында карантиндик шарттар толук сакталары айтылды.
Мындан ары өлкөдөгү ички аба каттамдарынын жүргүнчүлөрүнөн коронавируска тапшырган тестинин аныктамасы талап кылынбайт. Эгерде жүргүнчү өзүн начар сезип жатса же дене табы бар экени байкалса, учакка отургузулбай турганы кабарланды.