Бишкекке Орусиядан 437 Кыргыз жараны учуп келди

Бүгүн, 14-июнда дагы 437 Кыргыз жараны Москва–Бишкек багыты менен өлкөгө кайтып келишти. Аларды Бишкекке жеткирүүнү "Аэрофлот" авиакомпаниясы ишке ашырды. Маалымат республикалык штаб тарабынан белгилүү болду.

"Бул каттам менен төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки жаш баласы бар аялдар, ошондой эле оор илдеттери бар жана жакын туугандары каза болгондугунан улам мекенине чукул түрдө кайтышы зарыл болгон жарандар келишти. Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат", - деп билдиришет штабдан.

Кыргыз өлкөсүнө келүүнү каалаган жарандардын саны көп болуп, борттогу орундуктар чектелүү болгондугуна байланыштуу бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникасынан жана элчиликтин кызматкерлеринен турган комиссия тарабынан түзүлгөн. Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча жарандардын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлгөн. Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз жарандарын мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан