Коронавирус аныкталган ноокаттык 3 тургун кичи ажылык зыяратына барып келишкен. Алар сузактыктар менен эмес, башка аба каттамы менен келгенин саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 20-мартта өткөн маалымат жыйында билдирди.
Министрдин айтымында, коронавирус жуктурган жарандар менен учакта канча киши болгону такталып жатат. Маалымат такталары менен жүргүнчүлөрдүн так саны берилет дейт министр.