Бүгүн, 11-майда Орусиянын президенти Владимир Путин аталган өлкөдө 12-майдан баштап карантин токтотуларын айтты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Чектөө режимдеринен чыгуу же жеңилдетүү бардык шарттарды, санитардык талаптарды так сактоо менен жүргүзүлүшү керек. Өлкөбүз абдан чоң. Ошондуктан 12-майдан тарта бүткүл өлкө жана бардык тармактар үчүн бирдиктүү жумушчу эмес күндөр аяктайт. Бирок эпидемия менен күрөш бүтпөйт. Эпидемияга каршы күрөштүн кийинки мезгили чектөө режимдеринен этап-этап менен чыгып кетүүнүн башталышы. Бул бир заматта болушу мүмкүн эмес", - деди Орусия президенти.
Орусия коронавирус аныкталгандардын ичинен дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Бул өлкөдө жалпы 221 миң 344 адамдан инфекция аныкталды. 2 миң 9 адам каза болсо, 39 миң 801 бейтап айыгып чыкты.