Карантин аяктады. Үрүмчүдөн келген 40 кыргыз студент медициналык жайдан чыгарылды

Үрүмчүдөн келген 40 кыргыз студент бүгүн, 26-февралда ооруканадан чыгарылды. Алар 14 күнгө карантинге киргизилген. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Үрүмчүдөн келген кыргыз студенттери 14 күндүк карантинден чыгышты. Алардын баарынын тең ден соолугу канааттандырарлык. Белгилей кетсек, студенттер алгач "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө пунктунан тийиштүү кароодон өтүп, андан кийин медициналык жайга киргизилген. Карантин учурунда студенттер эки жолу текшерүүдөн өтүштү. Тесттин жыйынтыгы жакшы болуп чыкты. Ошондой эле карантин аяктаганга чейин студенттер бир гана дарыгерлер менен жолугушуп жатышты", - деди маалымат катчы.

2020-жылы 13-февралда Үрүмчүдө окуп жаткан кыргыз студенттери Алматы шаарынан атайын автобустар менен өлкөгө келишкен.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан