АКШда кылмышкерлер мөөнөтүнөн мурда абактан чыгуу үчүн коронавирусту атайын жуктурууга аракет кылышкан

АКШнын Лос-Анжелес аймагында кылмышкерлер коронавирусту атайын жуктуруп алууга аракет кылышкан. Муну менен алар абактан мөөнөтүнөн мурда чыкмакчы болушкан деп айтылат чет элдик басылмалардын маалыматында.

"Видео байкоого жазылып калган тасмадан Питчесс түзөтүү абагындагы кылмышкерлер бир бөтөлкөдөгү ысык сууну атайын ичишип, дене табын жогорулатууга аракет кылышкан. Ошондой эле бир кылмышкер колдонгон бет капты башкалары дагы тагынышкан. Бул окуядан бир апта өткөндөн кийин эркинен ажыратылган 21 жарандан коронавирус аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

АКШда март айында оор эмес кылмыштарды жасагандыгы үчүн абактарда жазасын өтөп жаткандар коронавирустан улам эркиндикке чыгарылары айтылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан