Нарын облусу боюнча күндүзгү стационардык борборлордо 829 орун даярдалды

Нарын облусу боюнча күндүзгү стационардык борборлордо 829 орун даярдалды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Алардын ичинде Ат-Башы районунда – 169 орун, Ак-Талаа районунда – 123 орун, Жумгал районунда – 162 орун, Кочкор районунда – 158, Нарын районунда – 120, Нарын шаарында – 97 орун даярдалды.

Мындан сырткары Нарын шаарында дагы 50 орун даярдоо пландалып жатканын өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов бүгүнкү брифингде билдирди.

“Эл көп чогулган жерлер базарлар болгондуктан, биз базарлардын ишине чектөө киргиздик. Борбордук базарлар күндүзгү саат 16:00гө чейин, ал эми мал базарлар аптасына бир жолу күндүзгү саат 14:00гө чейин иштеп жатат. Ал жерлерге санэпид көзөмөл кызматынын көрсөтүп берген алгоритмине ылайык, ӨКМнын ишке тартылган кызматкерлери тарабынан өз убагында дезинфекциялык иштер жүргүзүлүп жатат”, - деди Эмилбек Алымкулов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
karakyz23
2020-07-08 14:18:05
Эмнеге иштетесиңер Ат Башынын мал базарына жумасына канча деген коммерсант келет сырттан эл 14:00дө эле кете калбайт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан