25-апрелге карата республика боюнча дагы 9 жарандан коронавирус аныкталды. Муну менен жалпы саны 665ке жеткенин саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйында билдирди.
Жаңы аныкталган бейтаптар:
Бишкек шаары – 4;
Ош шаары – 4;
Чүй облусу – 1.
Вирус аныкталган жарандар илдетти кандай шартта жуктуруп алгандыгы айтылган жок.