Бүгүн, 14-майда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов онлайн маалымат жыйын берди. Анда өкүлгө "бюджеттин тартыштыгынан улам кийинки айда пенсия берилбейт деген маалымат чынбы?" деген суроо узатылды.
"Биз социалдык фонд жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, эч кандай бюджетте тартыштык жок. Жалал-Абад облусу боюнча кийинки айларга пенсия жана жөлөк пулдар өз убагында берилет", - деп жооп берди Нурболот Мирзахмедов.