Европа өлкөлөрү жана башка мамлекеттер акырындан карантиндик шарттарды жеңилдете баштады. Мындай учурда эпидемиологиялык коопсуздукту сактоонун негизги эрежеси социалдык аралыкты кармоо экени айтылып келет. Бирок жарандарды аралыкты кармоого көндүрүү оңой иштердин бири эмес экенин өлкө жетекчиликтери моюнга алган. Айрыкча коомдук унаада социалдык аралыкты кармоо өтө көйгөйлүү ишке айланган.
Кайсы мамлекетте социалдык аралыкты кармоо кандай жолго салынганы тууралуу сүрөт топтомун сунуштайбыз.
Маалым болгондой, Кыргыз өлкөсүндө дагы 10-май саат 24:00дө айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими аяктап, коменданттык саат жокко чыгарылган. Этап-этап менен айрым ишмердүүлүктөргө уруксат берилүүдө. Бул учурда социалдык аралыкты кармоону камсыздоо үчүн жасалган иш-аракеттер байкала элек.