Бишкектин мэри: "Коронавирустун симптомдору менен адамдар ооруканага кайрылышууда. Бирок алар илдетти кайдан жуктуруп алышканын билишпейт"

Акыркы күндөрү калк арасында коронавирустун симптомдору менен кайрылган адамдар бар. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда онлайн маалымат жыйында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

"Бирок кайрылган жарандар кандай учурда вирус жуктурганы белгисиз. Алардын арасында соодагерлер, өнөр жай ишканаларынын кызматкерлери, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери бар.

Демек, бул жумуштан, көчөдөн, транспорт каражаттарынан, соода борборлорунан жана базарлардан вирус жуктуруп алуу коркунучу бар экенин билдирет", -
деди Азиз Суракматов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан