"Нарын облусундагы эпидемиологиялык абалды айтып берсеңиз, ал жактагы абалды турукташтырууга мүмкүн болдубу?" деген суроо бүгүн, 4-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевге берилди.
Үсөнбаевдин айтымында, коронавирус Нарын облусунда жалпы 381 адамдан аныкталган. Өткөн суткада аталган облустан бир адамдан оору табылган.
"Алардын ичинен 213 бейтап оорудан айыгып үйлөрүнө чыгарылган. Эпидемиологиялык анализ Нарындагы оорунун жайылышы ылдыйлай баштаганын көрсөтүүдө десек болот. Оору көп аныкталып жаткан учур өткөн апталарда болду.
Азыркы тапта 163 бейтап ооруканада бул илдет менен күрөшүп жатат. Ден соолугунун мумкүнчүлүгү чектелген 2 адам үйлөрүндө медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө дарыланууда. Оор абалдагылардын саны 5, облус боюнча 3 адам бул илдеттен көз жумду. Оору жугузуп алгандардын ичинен 86сы медициналык кызматкерлер, бул көрсөткүч ооруну жугузган медкызматкерлердин көп болгонун билдирет. Ички иштер башкармалыгынын 22 кызматкери ооруга кабылган. Ал жакта режим катуу сакталышы керек, бир аз кылт этип режим бузулса, оорунун жайылышы күч алууда. Мен жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырам", - деди министрдин орун басары.