Чек ара чырында өрттөлгөн турак үй кайра курулат. Бул тууралуу SUPER.KG порталынын суроосуна жооп берип жатып, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан айтышты.
"8-майда Кыргыз-Тажик чек арасында орун алган чыр-чатактын кесепетинен толугу менен өрттөлгөн турак үйдү кайра куруу боюнча аракеттер көрүлүүдө. Учурда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясы каржы булактарын аныктады.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов турак үйсүз калган үй-бүлөнүн муктаждыгын кечиктирбей чечүү максатында, тергөө иштеринин жыйынтыгын күтпөй, курулушту баштоо, турак үйдү күз айларына бүткөрүү тапшырмасын берди. Ал эми турак үйдүн өрттөлүшү боюнча Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын Баткен-Согди облустарынын тийиштүү укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө", - деп билдирди мекеменин өкүлү.