Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчисин чакырды

Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигине Тажикстандын Кыргыз мамлекетиндеги элчиси Назирмад Ализода чакырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-февраль күнү Тажикстандын айрым массалык маалымат каражаттарында "Тарыхты көтөрө турган болсок, анда мурда Баткен эч качан кыргыздын жери болгон эмес" деген аталыштагы макала жарыяланып, анда милициянын генерал-майору, Согдий облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Абдулло Навжувонов "биздин ата-бабаларыбыз кыргыздарды алып келип, ушул жерди берген, ал эми бүгүн болсо, тажик тарап үчүн бул көйгөй жаратып жатат", - деген сөздөрдү айткан.

"Навжувонов тарыхты бурмалоо жана фактыларды алмаштыруу менен алектенген. Мындан улам Абдулло Навжувоновдун айткандары боюнча кыргыз тарап өтө тынчсызданып жатат. Күч органдарынын өкүлдөрү чагымчыл аракеттердин ордуна мындай көрүнүштөрдү жөнгө салышы керек. Тажикстандан расмий маалымат күтөбүз жана мындай фактылар экинчи кайталанбайт деп ишенебиз", - деп жазылат маалыматта.

Тажик генералына Кыргыз тараптын жообу: “Баткен Тажиктики болгон эмес, болбойт дагы“
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Sajakat14
2020-02-15 12:39:57
Тынчызданып тыбырай бербей тооктой болуп резка реакция кылгыла! Ооз менен эле сүйлөй бербей.
+8
Absamat-90
2020-02-15 13:32:16
Sajakat14, мындай пикир менен тажиктер билими тайкы, дипломатиялык иш алып бара албасын билдирди. Бул ойду айтаардан мурун ойлонуу керек болчу, эки элдин ортосуна от жакпай.
+6
Muslim_KGstana.
2020-02-15 13:03:37
ХХХХ,тынчсызданып журо бергиле оа.
-3
Jaznura
2020-02-15 13:31:30
Генерал майор болсо өзүнө. Нота бергиле.
+10
altyn-kumush
2020-02-15 13:40:44
Генерал майору тарыхты эмне башынан жазып чыгыптырбы? Тажик эли озу жери жок бир селсаяк эле эл болгон! Керек болсо тажиктин жери КЫРГЫЗДЫКЫ!
+8
Alimbek1000
2020-02-15 13:48:17
Өлөөр эчки койчунун таягына сүйкөнөт болуп Тажиктер чектен чыга баштады. Кыргыз тарыхый эл! Миң бурмаласаңар да тарыхты бурмалай албайсыңар. Эгер тарых менен ш кыла турган болсок анда көп жериңер биз тарапка өтүп кетет. Себеби ал бир убактарды кыргыздын жерлери болгон. Кыскасы дипломатиялык жолду сунуш кылып атканда ошол жол менен чечкенге аракет кылыгыла Тажиктер.
+5
Kitep
2020-02-15 23:52:19
Таджикстандын жарымы Мургаб,Джергтал жактар Кыргыздын жери,арендасы качан эле буткон.Мургаптан бир болугун кытайларга откоруп бериптир
0
Samatalibei
2020-02-16 00:32:18
Тажик там айлангыча деген сөз бар экенго? Маанисин туура тушунсом таамай айтылган сөз экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан