Кыргыз-Тажик чек арасында жашаган элдердин коопсуздугун милиция толугу менен көзөмөлгө алууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыргыз-Тажик чек арасына биргелешкен күзөт күчөтүлүп, күнү-түнү милиция кызматкерлери элдин коопсуздугун сактоодо. Азыркы учурга кырдаал тынч, ыкчам кырдаал толугу менен көзөмөлдө турат", - деп билдирет басма сөз кызматы.
Окуянын чоо-жайы:
9-январдан 10-январга караган түнү саат 00:40та Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде, белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргыз жаранына таандык унааны таш менен урушкан. Унаанын ичиндеги Кыргыз жарандарынын арасынан жаракат алгандар бар экендиги маалымдалган.
Болжол менен бир сааттан кийин, тагыраагы, саат 01:40 чамасында Баткенден Көк-Ташка кетип бара жаткан дагы бир Кыргыз жаранынын унаасын тажиктер Көчө-Карын жергесинде таш менен урушкан.
Саат 02:40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргыз жаранынын үйүнө таштарды ыргыткан. Жабырлануучунун үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окко учурашкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып жатканын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдирген.