Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 7 миң 972 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 181 адам каза болсо, 10 миң 443 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 1 миң 136;
Москва облусунда - 646;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 259;
Свердлов облусунда - 254 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 569 миң 63 адамдан инфекция аныкталды. 7 миң 841 адам каза болсо, 324 миң 406 бейтап айыгып чыкты.