Европа өлкөлөрүндө коронавирустан көз жумган адамдардын саны азая баштады

Акыркы сутка ичинде Францияда, Италияда, Испанияда коронавирустан каза болгондордун саны акыркы апта ичинде эң аз көрсөткүчтү көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Сутка ичинде Францияда 135, Испанияда 164, Италияда 174 адам көз жумган. Бул сандар акыркы 2 ай ичиндеги эң аз көрсөткүч.

Орусияда жаңы катталган учурлардын саны өсүп жаткандыгы байкалууда. Сутка ичинде 10 миң 633 адамдан вирус аныкталып, рекордду жаңылады. Бирок каза болгондордун саны башка өлкөлөргө салыштырмалуу аз бойдон калууда. Сутка ичинде 58 адам көз жумган. Улуу Британияда сутка ичинде коронавирустан 315 адам көз жумган.

Башта аты аталган 3 өлкөдө эпидемиологиялык абал жакшыра баштаганына байланыштуу карантиндик чектөөлөр жумшартыла баштайт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Daniel8885
2020-05-04 15:42:30
Аллахым буткул элдерге Ден соолук берсин...бул дагы бир сынооо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан